Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө Башкы прокуратура Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Мукановага Кылмыш кодексинин "жасалма документ менен бирөөнүн мүлкүн тартып алуу" деген берене боюнча кылмыш иш козгогону айтылган. Бул ишти укук коргоочулар одоно мыйзам бузуу жана куугунтук катары баалашууда. Башкы прокуратура Муканова менен Мухаммед Гафари аттуу Ирандын жараны ортосунда Бишкектин райондор аралык сотунда каралып жаткан жарандык иштин негизинде кылмыш иш козгогон.
Укук коргоочулар Муканова ал жетектеген Антикоррупциялык кеңеш ири көлөмдөгү коррупциялык иштерди ачканы үчүн куугунтукталып жатат деп эсептейт. Бул боюнча Башкы прокуратура эч кандай билдирүү тарата элек. (BkA)