Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Рим папасы добуш берүүнүн биринчи күнүндө шайланбай калды


Шейшемби кечинде Рим католик чиркөөсүнүн папасын шайлоо үчүн диниятчы кардиналдар кирген Ватикандагы Сикстин ибадатканасынын морунан кара түтүн чыкты. Бул добуш берүүнүн алгачкы күнүндө Рим папасы шайланбай калганын билдирет.

Шайлоо жөрөлгөсүнө ылайык, добуш берүү бүгүн да улантылат. Ага чейин добуш берүү укугу бар 115 кардинал купуя шартта жаңы папаны шайлашканча Сикстин ибадатканасынан чыгышпайт. Рим папасы болуш үчүн талапкер 115 кардиналдын 77синин добушун алышы керек.

Ватиканда сыртта чогулгандар добуш берүүнүн жыйынтыгын ибадаткананын морунан чыккан түтүндүн өңүнө карап билишет. Кара түтүн жаңы папа шайлана элегин, ак түтүн шайланганын жышааналайт.

Мурдагы Рим папасы 85 жаштагы Бенедикт XVI өткөн айдын башында жашы улгайганына байланыштуу чиркөөнү башкарууга “күч кубаты жетпей жатканын” айтып, кызматтан баш тарткан. Ал Ватикандын акыркы 600 жылдык тарыхында тирүү кезинде эс алууга кетип жаткан алгачкы понтифик болду.

XS
SM
MD
LG