Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Большой театрдын жамааты айыпталган бийчини коргоп чыкты


Москвадагы Большой театрдын 300дөн ашык кызматкери көркөм жетекчи Сергей Филинге кислота чачып, кол салууну уюштурду деп айыпталган бийчи Павел Дмитриченкону коргоп, президентке жана өкмөткө кайрылды. Алар кайрылууда Дмитриченконун Филинге кол салуу уюштуруп, мыкаачылык менен өч алышын абсурд деп атап, тергөө алдын-ала эле бийчини күнөөлүү катары көрсөтүп жатканын, тергөөнүн келтирген далилдери ынанымсыз болуп жатканын айтышкан. Филин менен Дмитриченконун кесиптештери бул кол салууну көз карандысыз иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү өлкө жетекчилеринен суранышты.

Большой театрдын көркөм жетекчиси Сергей Филинге 17-январда өз үйүнүн жанынан кол салынып, анын бетине белгисиз адамдар кислота чачып кеткен. Учурда бийчи ооруканада дарыланууда. Өткөн жумада бул кылмышка шектүү катары театрдын солисти Павел Дмитриченко жана дагы эки адам кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG