Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

ЮНИСЕФ: Сириядагы балдардын абалы оор


БУУнун балдар фонду - ЮНИСЕФ Сириядагы жаңжалдан бул өлкөдөгү балдар запкы чегип жатканын билдирип чыкты. Бул тууралуу уюмдун шейшембиде жарыялаган докладында айтылат. ЮНИСЕФдин аткаруучу директору Энтони Лейктин айтымында, Сирияда балдар күн сайын мыкаачылыктын, кан төгүүнүн күбөсү болуп, согуштан өз жакындарын жоготуп, оор психологиялык соккуга дуушар болууда. Докладда айтылгандай, учурда согуштук аракеттер болуп жаткан аймактардагы балдар арасында ар кыл тери жана дем алуу оорулары көбөйдү, буга каршы эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатат. Ошондой эле көпчүлүк мектептер жабылып, балдар билим алуу укугунан ажырап калганы эл аралык уюм өз докладында белгиленген.

Буга чейин БУУ Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин балдарды өлтүргөн, кыйнаган, аларды согушка мажбурлаган режимдер тизмесине кошкон болчу.

XS
SM
MD
LG