Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Бишкекте “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын курултайы башталды


Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын курултайы башталды. “Азаттыктын” кабарчылары билдиргендей, азырынча аянтка жыйырмадан ашык адам топтолду. Буга чейин кыймылдын төрагасы Мукар Чолпонбаев курултайга беш миң киши чакырылганын айтып, иш-чара борбордук аянтта өтөөрүн билдирген. Курултайда камакка алынган депутаттарды бошотуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн аткаминерлерди жоопко тартуу боюнча талаптар коюлаары кабарланган. (JAk/ZB/KKs)

 

XS
SM
MD
LG