Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Бишкектеги курултайда сегиз талап коюлду


Бишкектин борбордук аянтында курултай өткөрүп жаткан “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев бийликке сегиз талап коюп жатышканын билдирди. Алардын арасында камактагы депутаттарды куугунтуктоону жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Конституциялык реформаны жүргүзүү, 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тооночулукту адилет иликтөө, Кыргызстанга мыйзамсыз келип жаткан Кытай жарандарынын агымын чектөө өңдүү талаптар бар. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, учурда курултайга кеминде 200дөй адам катышууда. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG