Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриянын алдына жүз элүүдөй такси айдоочусу митингге чыкты. Алар мэрия имаратынын жанындагы көчөлөргө таксилердин токтошуна тыюу салынганына нааразылык билдиришти. Милиция өкүлдөрү көчө жээктеринде турган таксилер жолду тарытып, жөө адамдар менен башка автоунаалардын жол жүрүүсүнө тоскоолдук жаратканын жүйө кармашууда. Шаардык милициянын түшүндүрмөсүнөн кийин таксисттер таркап кетишти. (YA)