Жүз он беш кардиналдын жашыруун добуш берүүсүнүн натыйжасында тактыга келүүчү диниятчы Рим-католик чиркөөсүнүн тарыхындагы 266-Папа болот. Жеңип чыгуу үчүн кеминде 77 добуш талап кылынат. Шайлоо Ватикандагы Сикстин ибадатканасында өтүүдө.
Кечээ добуш берүүнүн биринчи айлампасынын соңунда кардиналдар Папаны шайлай алган жок. Алар тыш дүйнөдөн болушунча обочо кармалууда.
Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы лидери тандалганда шайлоо өтүп жаткан Сикстин ибадатканасынын чатырындагы мордон ак түтүн чыгыш керек.
Азыркы шайлоо мурдагы Папа Бенедикт XVI саламаттыгын жүйө кылып, тактыдан өзү эрки баш тарткандан кийин өтүүдө. (UE)