Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

“Ата-Журттун” камактагы депутаттарынын соту уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата-Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов үстүнөн сот иши уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жараянда мамлекеттик айыптоо өтүнүчү менен кошумча күбөлөр суралат. Андан соң соттук териштирүү аяктап, тараптар жарыш сөзгө өтүшөт.

Буга чейинки 7-марттагы соттук отурумда адвокаттар депутаттарды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, бирок сот аны четке каккан. Буга нааразы болгон депутаттардын тарапкерлери Бишкекте нааразылык акцияларын уюштураарын билдиришкен эле. Бирок “Ата-Журт” партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов “Азаттыкка” билдиргендей, тарапкерлер камактагы Камчыбек Ташиевдин суранычы менен саясий акцияларды токтото турууну чечти. Ага ылайык, буга чейин Жалал-Абадда болуп жаткан митингдер да сот өкүмү чыкканга чейин токтотулду.

Былтыр 3-октябрда Кумтөр кенине байланышкан Бишкектеги митинг башаламандык менен коштолуп, депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилердин Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүүсү менен аяктаган. Кийин митингчилердин Ак үйгө кирүү аракети үчүн "Ата-Журт" партиясынын лидерлери, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов камакка алынышкан. Аларга “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген айып тагылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG