Бир аз мурда Ватикандагы Сикстин ибадатканасынын чатырындагы мордон ак түтүн булады. Бирок азырынча ким шайланганы ачыктала элек. Ыйык Петр аянтына чогулган католиктер жаңы Папаны күтүүдө.
Мурдатан калыптанган салт боюнча ак түтүн чыкканы - Папа шайланганынын белгиси. Ватиканда бүгүн шайлоонун экинчи күнү өтүп жатат.
Жүз он беш кардиналдын жашыруун добуш берүүсүнүн натыйжасында тактыга келген диниятчы Рим–католик чиркөөсүнүн тарыхындагы 266-Папа болот.
Шайлоодо жеңип чыгуу үчүн кеминде 77 добуш талап кылынат.
Азыркы шайлоо мурдагы Папа Бенедикт XVI саламаттыгын жүйө кылып, тактыдан өз демилгеси менен баш тарткандан кийин өттү. (UE)