Евробиримдиктин Сириядагы делегациясынын кызматкерлеринин бири Дамасктын чеке-белиндеги ракеталык чабуулдар учурунда набыт болду. Биримдиктин тышкы саясат комиссары Кэтрин Эштондун айтымында, маркум Ахмад Шихаде аттуу кызматкер болгон. Ал Дамасктагы согуштан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтчү топтун мүчөсү катары иштеп жаткан. Эштон Сириядагы каршылашкан эки тарапты тезинен ок атууну, бейкүнөө адамдардын канына забын болууну токтотууга чакырды. Анын эсеби боюнча, 22 айга аяк баскан Сирия көтөрүлүшүндө 100 миңге жакын кишинин өмүрү кыйылып, миллиондон ашык адам коңшу өлкөлөргө качкын катары чыгып кетишти.