Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

ИИМ Академиясынын жетекчилери пара менен кармалды


Ички иштер министрлигинин Академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаев жана анын орун басары Рахматилло Амираев паракорчулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Рахматилло Амираев окуу жайда иштеген бир айымдан кызматтык маселесин оңунан чечип берем деп 100 миң сом алып жатканда кармалган. УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызмат Амираевдин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башка валютадагы ири өлчөмдөгү акча табышкан. Академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаев пара алууга катыштыгы болгон деп шектелүүдө. Азырынча, кармалган жетекчилердин позициясы белгисиз.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Академия жетекчилери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камакка алынды. (KKs)

XS
SM
MD
LG