Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

"Атажуртчу" депутаттардын соттук териштирүүсү аяктады


“Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов баштаган жети адамдын сотунда тараптар көрсөтмө берип бүтүштү. Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн ишти караган судья соттук териштирүү аяктаганын жарыялады. Түштөн кийин мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочулар жарыш сөзгө чыгышат. Мыйзам боюнча жарыш сөз аяктагандан кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, сот өкүм чыгарат.

“Ата Журттун” үч депутаты, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев жана Ташиевдин үч жан сакчысы 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу Бишкекте өткөн нааразылык акциясынан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Кармалгандарга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган жана сот 10-январда башталган. Депутаттар болсо өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG