Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Мамлекеттик айыптоо Ташиевди 10 жылга эркинен ажыратууну сурады


“Ата-Журт” фракциясынын депутаттарына козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоо Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевди 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Ташиевдин жан сакчыларын болсо 3-4 жылга кесүүнү өтүндү. Бишкектеги Биринчи май райондук сотундагы бүгүнкү процессте депутаттар бийликти басып алууга чакырык жасашпаганын билдиришти.

"Атажуртчу" депутаттарга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылууда. 3-октябрда Бишкекте Кумтөр кенине байланыштуу митинг өтүп, анын жыйынтыгында Камчыбек Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG