Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Пакистанда эки турист аял барымтага алынды


Пакистандын коогалуу Балужистан дубанында куралчандар чехиялык эки турист аялды уурдап кетишти. Жергиликтүү өкмөттүн өкүлү Зафар Икбал "Азаттыктын" Пакистан кызматына билдиргендей, экөө кечээ Ирандан автобус менен келгенден кийин уурдалды:

- Айдоочунун айтымында, аскерче кийинген куралдуу адамдар автобусту токтотуп, эки чет элдик аялды кайгуулу менен кошо уурдап кетишкен. Кийин чек арада кайгуулду бошотуп, бирок аялдарды алып кетишкен. Аялдар Ирандан келатышкан экен, жанында паспорттору бар. Биз уккандан барымтачылар аларды чек аранын ары жагына алып кетишти.

XS
SM
MD
LG