Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

Москвада базарда чыккан өрт кыргыз кызынын өмүрүн алды


Москва шаарындагы Абрамцево курулуш базарында кечээ чыккан өрт Кыргызстандан келген 25 жаштагы кыздын өмүрүн алды. Бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” бүгүн тастыкташты. Азырынча маркумдун аты-жөнү, таржымалы тууралуу толук маалымат айтыла элек. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги базардагы өрттөн жалпысынан эки адам каза болгонун билдирүүдө. Тилсиз жоого күркөөлөрдүн бириндеги газ балондун жарылышы себеп болгону кабарланууда. (ZKo/KKs)

XS
SM
MD
LG