Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Орус ТИМнин өкүлү борбор азиялыктарга виза киргизүү тууралуу билдирүүсүн тактады


Орусиянын тышкы иштер министринин атайын өкүлү Анвар Азимов орус бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына виза режимин киргизүүнү пландап жаткандыгы тууралуу билдирүүсүнө тактоо киргизди. Анвар Азимов "Азаттыктын" тажик кызматы менен маегинде кечээ «Дождь» телеканалында сүйлөгөндө эки жылдан кийин борбор азиялыктар Орусияга ички паспорт эмес, чет элдик паспорт менен кире алгыдай болушу керек деп айтканын билдирди. Азимов Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген өлкөлөр Орусияга ички документ менен кире берүүнү улантаарын кошумчалады. Аталган уюмдарга Кыргызстан кирбейт. Мамлекеттик Думадагы бир катар депутаттар маңзат аткезчилигин тизгиндөө үчүн Борбор Азия жумурияттарына виза киргизүүгө чакырып келишет.

XS
SM
MD
LG