Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Кыргызстандын Бажы биримдигиндеги келечеги талкууланат


Бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушунун келечегин талкуулаган тегерек үстөл өтөт. Анда университетке караштуу иш алып барган Борбор Азия изилдөөлөр институтунун эксперттери, окумуштуу-экономисттер жана өкмөт өкүлдөрү өлкөнүн бул уюмга киришинин пайдасы менен зыянын талкуулашат.

Кыргызстан эки жылдан бери Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Кыргыз бийлиги да быйылкы жылы толук даярдыкты көрүп, келерки жылдан баштап Бажы биримдигинде болууну пландаштырууда. Бирок коомчулукта Бажы биримдигине кирүүнү тобокелчилик баалап, өлкө экономикасы бир катар кыйынчылыктарга туш болот деп каршы болгондор да арбын.(BkA)

XS
SM
MD
LG