Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Ысык-Көлдө жол кырсыктары 24% көп катталды


Январь жана февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунда 58 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 24 пайызга көп экенин Ысык-Көл облусттук жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев “Азаттыкка” билдирди. Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 22 адам каза болуп, 97си жаракат алган. Калмурзаевдин айтымында, жол кырсыктарына көбүнесе айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар жана мас абалында машина айдагандар кабылып жатат. (MK)

XS
SM
MD
LG