Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Барактын 30дай жашоочусу анклавга өтө албай турат


Бул тууралуу Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашыров "Азаттыкка" тастыктады. "7-марттан бери ары-бери өткөн адамдарды Өзбекстандын чек арачылары кое бербей жатат. Эмне себеп экендигин да айтпай атышат. Өзүбүздүн "Ак-Таш" бекети аркылуу да, "Достук" бекети аркылуу да өткөрбөй атат. Кызыл-Кыя аркылуу өтүп келгиле деп жатышат. Ал бизден таптакыр алыс. Бул жактагылардын баарынын туруктуу жата турган, жашай турган жайлары да жок",-деп билдирди Ашыров.

Барактыктар айылга каттамды тез арада ачып берүү же аларга утурумдук жашап туруучу жай таап берүү талабын Ош облустук администрациясына атайын чогулуп келип билдиришти. Бийликтер болсо бул маселе бир-эки күндө чечилээрин убада кылды.

Мурда барактыктар Кыргызстанга "Бирлешкен" жана "Ак-Таш" чек ара бекети аркылуу катташчу. Бекет январь айынын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG