Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ынтымак" телерадиокомпаниясынын гендиректорунун милдетин аткаруучу Каарманбек Кулуев билдирди. "Коомдук регионалдык канал Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттары арасында кичи футбол боюнча 16-мартта мелдеш өткөрөт", - дейт ал.
Уюштуруучулардын айтымында, мелдештин негизги максаты улуттар аралык достукту, маданий карым-катнашты жана элдердин достугун бекемдөө идеясын жайылтуу болуп саналат.
Турнир Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин спорт аянтчасында өтөт.
"Ынтымак" телерадиокомпаниясынын ачылганынан 1 жылдай болду. Ал "Интерньюстун" жана өкмөттүн колдоосу аркылуу иштеп баштаган. (ErN)