Жума күнү Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жеребьевкасы өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча, атаандаштар төмөнкүдөй аныкталды:
Германиянын чемпиону «Бавария» менен италиялык «Ювентус» жекеме-жеке чыгат. Бул турнирде тогуз жолу жеңүүчү болгон испандык «Реалга» түркиялык «Галатасарай» туш келди. Франциянын чыгааны «ПСЖ» менен Испаниянын «Барселонасы» күч сынашат. Дагы бир испан клубу «Малагага» атаандаш болуп немистердин «Боруссия» (Дортмунд) аныкталды.
Чейрек финалдын биринчи оюндары 2,3-апрелде атаандаштардын биринчи аталган командасынын майсаңында өтөт. Жооп беттешүүлөр 9,10-апрелде болот.
Ошентип, Европанын күчтүү сегиз командасынын үчөө Испаниядан, экөө Германиядан, Түркия, Франция жана Италия – бирден. Соңку 17 жыл ичинде биринчи жолу англиялык командалар чейрек финалга чыкпай калды.
Чемпиондор лигасынын финалдык таймашы 25-майда Лондондо жаңыртылган “Уэмбли” стадионунда өтөт. (SJ)