“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов баштаган жети адамдын бүгүнкү сотунда жактоочулар жарыш сөзгө чыгып бүтүштү. Ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов процесс 29-мартта уланаарын, ал күнү өкүм угузулаарын билдирди.
Кечээ мамлекеттик айыптоочу тарап депутаттардын күнөөсү далилденгенин белгилеп, аларды 9 жылдан 10 жылга чейин, коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. 3-октябрдагы Бишкектеги митингден кийин камакка алынып, бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган депутаттар болсо өздөрүнүн күнөөсүз экендигин билдирип келишет. (KKs)