Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Ош шаарынын жолдорун оңдоого 154 млн. сом бөлүндү


Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык жол башкармалыгынын техникалык өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жаныбеков билдирди.

«Быйыл шаардык бюджеттен 154 млн. сом бөлүндү. Үстүбүздөгү жылда капиталдык курулуштарыбыз бар. Навои көчөсүндө эстакадалык чоң көпүрө куруудабыз. Бөлүнгөн сумманын 100 миллиону көпүрө куруунун баштапкы иштерине сарпталмакчы»,-дейт У. Жаныбеков.

Ош шаарынын жолдорунун жалпы узундугу 513 чакырымды түзөт. Анын 320 чакырымына асфальт, калган 193 чакырымына шагыл төшөлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG