Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Түндүк Корея АКШны киберчабуулдарды күчөттү деп айыптады


Пхеньян Кошмо Штаттар менен Түштүк Кореяны түндүк кореялык интернет түйүндөргө, анын ичинде мамлекеттик маалымат агенттиги менен “Нодон Синмун” гезитинин интернет сайттарына киберчабуул коюуда деп күнөөлөдү.

Корей жарым аралында өтүп жаткан АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскердик машыгуулардан бери киберчабуулдар күчөгөнүн түндүк кореялыктар айтып чыкты. Өткөн айда Пхеньян ядролук сыноолорду өткөргөндөн бери Корей жарым аралында кырдаал курчуду. Буга байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөткөн.

XS
SM
MD
LG