Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Кытайда Sky News телеканалынын журналисттери кармалды


Жума күнү Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында түз эфир маалында британдык Sky News телеканалынын кабарчысы Марк Стоун оператору менен кармалды.
Журналисттер Кытайда саясий лидерлердин алмашуусу тууралуу түз ободо баяндап жаткан маалда тартип сакчысы келип, полиция бекетине барууну өтүнгөн. Чет элдик кабарчыларды аянтта видео тартууга уруксатты туура эмес алган деп күнөөлөшкөн. Sky News телеканалынын жетекчилиги кабарчылардын керектүү кагаздарынын бардыгы болгондугун айтууда.

Тяньаньмэнь аянты Кытайда катуу кайтарууга алынган жайлардын бири. Бул жерде бир канча жолу нааразылык демонстрациялар өтүп, 1989-жылы жүздөгөн студенттер окко учканы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG