Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Ысык-Көлдө мал уурдаган кылмыштуу топ кармалды


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыктын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Аталган топ өткөн жылдан бери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында мал уурулук менен шугулданып келген. Тергөө ишинин алдын ала маалыматына караганда, мал уурдагандар элге 300 миң сомдук зыян келтирген.

Эки ай ичинде облуста мал уурулук боюнча 30 факт катталган. Анын онунун бети ачылып, 20сы боюнчаиш козголду. Уурулуктун бул түрү эки ай ичинде жергиликтүүлөргө 1 миллион 98 миң сом зыян келтирди. (MK)

XS
SM
MD
LG