Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Чайковскийдин 3-симфониясы Бишкекте биринчи ирет жаңырды


Кечээ Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда Жапониянын артисттери Акико Хаякава, Сатико Это жана дирижер Кочи Иноуэ концерт берди. Окуу жайдын жана Бишкек мэриясынын симфониялык оркестри коштогон концерт Дмитрий Шостаковичтин увертюрасы менен башталып, Моцарттын жана Чайковскийдин чыгармалары жаңырды. Чайковскийдин 5 акттан турган 3-симфониясы Кыргызстанда биринчи ирет ойнолду.

Концертке экс-президент Роза Отунбаева, Бишкек мэри Иса Өмүркулов жана Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ келди. Классикалык музыканын концерти өтүп жаткан зал туруп көрчү орундарга чейин толду.

Концерт Кыргызстандагы жапон маданиятынын жумалыгынын алкагында уюштурулду. Жумалык бүгүн жыйынтыкталат. (AKu)

XS
SM
MD
LG