Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ысык-Көл: жол коопсуздугунун кызматкерлери аттестациядан өтүшөт


Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугунун кызматкерлери 25-29-мартта аттестациядан өтүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди.

Аттестация Нарын облусунун кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында болот. 13-мартта өткөн жыйында айтылгандай, республика боюнча өтүүчү жол кызматкерлерин кайра текшерүүдөн өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Ысык-Көл облусу боюнча январь, февраль айларында 58 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркы ушул эки айга салыштырмалуу 24 пайызга көп. (MK)

XS
SM
MD
LG