Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Аялдарга каршы зомбулук боюнча декларация кабыл алынды


Мусулман жана Батыш өлкөлөрү аялдарга каршы зомбулук менен күрөштү күч алдырууга багытталган Бириккен улуттар уюмунун жаңы декларациясын кабыл алышты. БУУнун Аялдардын макамы боюнча комиссиясында жактырылган, аткарылышы милдеттүү болбогон декларацияда аялдарга каршы зордук-зомбулукту «салт-санаа же диний себептер менен» актап, же көз жаздымда калтырууга болбой тургандыгы айтылат.

Декларацияда ошондой эле кыздар менен аялдарга жыныстык билим берүүгө жана бойдон сактануу менен камсыздоого чакырык камтылган. Декларацияны Рим Католик чиркөөсү, Иран, Орусия өңдөнгөн айрым өлкөлөр колдогон жок.

"Мусулман агайиндери" бийликте турган Египет бул декларация «коомду кыйратат» деп ырастады. Укук коргоочулар декларацияны маанилүү кадам деп баалашты. Талкууга 192ден ашык мамлекет катышты.

XS
SM
MD
LG