Эки орус, бир америкалык космонавт отурган орусиялык «Союз» чөлмөгү Жердин орбитасында турган Эл аралык Космос кемесинен учуп чыгып, бүгүн эртең менен Казакстанга келишти. Олес Новицкий, Евгений Тарелкин жана Кевин Форд космос кемесинде 143 күн болгондон кийин Жерге кайтып келишти. Кемеде азыр бир орус, бир канадалык, бир америкалык космонавт калды.