Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:38

Адвокат Токтогул Абдиев жерге берилди


Бүгүн Бишкекте белгилүү адвокат Токтогул Абдиев жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” кесиптеши Искендер Журабаев кабарлады. Анын айтымында, 55 жаштагы Абдиев 15-март кечинде жүрөк оорусунан улам каза болгон.

Токтогул Абдиев акыркы учурда депутат Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын сотто коргоп жаткан. Акыркы жолу 15-марттагы соттук жараянда Жапаровдун адвокаты катары жарышка сөзгө катышкан болчу. Ошол күнү кечинде Ошко сапар алып, учактын ичинде жүрөк оорусунан улам каза болгон. (BkA)
XS
SM
MD
LG