Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Президент Атамбаев Азия Олимпиада кеңешинин башчысы менен жолукту


Ишембиде президент Алмазбек Атамбаев Улуттук Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясынын президенти, Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад ал-Сабахты кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандагы спорттун олимпиадалык түрлөрүн жана олимпиадалык кыймылды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Улуттук олимпиада комитеттеринин Ассоциациясы – учурда Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан таанылган 204 улуттук олимпиада комитетинин башын бириктирген эл аралык уюм. Ал Африка, Америка, Азия, Европа жана Океания сыяктуу 5 континенталдык ассоциацияга бөлүнөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG