Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Бүгүн Салижан Жигитовдун туулган күнү


Бүгүн залкар жазуучу жана сынчы, публицист Салижан Жигитовдун туулган күнү.
Ал тирүү болсо бул күнү 77 жашка чыкмак. Анын туулган күнүн утурлай 15-мартта публицист Алым Токтомушевдин “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу китебинин бет ачары өттү. Анда Жигитовдун эскерүүлөрү, маектери камтылган.

Кыргызстандын илим жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган.

Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин президенттин кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси, Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору өңдүү кызматтарды аркалап келген. Ал 2006-жылы 11-февралда дүйнө салган. (BkA)

XS
SM
MD
LG