Кытайдын түштүк-батышындагы Сичуан провинциясында 28 жаштагы буддист кечил ибадаткананын ичинде өзүнө өрт койду. АКШда жайгашкан «Эркин Азия» радиосу билдиргендей, Лобсаң Тхокмей ишемби күнү Кирти ибадатканасында өзүн өрттөп, кийин ооруканада көз жумду. Индияда жайгашкан Тибет өкмөтү Лобсаң Тхокмейдин сөөгүн коопсуздук күчтөрү алып кеткендигин билдирүүдө. Тибеттик укуктар үчүн күрөшкөн активисттердин айтымында, 2009-жылдан бери Кытайдын Тибеттеги бийлигине нааразы болгон 100дөн ашык тибеттик өздөрүн өрттөп өлдү.