Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Бүгүн Коргоо кеңешинин жыйыны болот


Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүн Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда энергетикалык коопсуздук жана улуттук биримдик концепциясынын долбоору талкууланат. Маалыматка ылайык, улуттук биримдик концепциясы өлкөдөгү улуттар арасындагы ынтымакты бекемдеп, этностордун мамилесин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Буга чейин өткөн жылкы Коргоо кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш жарыяланган болчу. Анда кеңештин төрагасы, президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө коррупция болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин, ага дээрлик бардык мамлекеттик кызматтар аралашканын билдирген. Тартип коргоо, сот жана прокуратура органдарынан коррупцияга каршы чечкиндүү чараларды баштоону талап кылган. Бирок оппозиция бул күрөштөн эч майнап чыккан жок деп сындап келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG