Индиянын полициясы швейцариялык турист аялды зордуктаган 5 адам кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, алардын баары күнөөсүн моюнуна алышты. Алтынчы шектүү да кармалганы, бирок ал күнөөсүн четке кагып жатканы да кабарланды. Ошондой эле полиция кол салуу учурунда швейцариялык жуптан тартып алынган ноутбук, телефондору, акчасы да табылганы тууралуу маалымат таратты.
Өткөн жума күнү Индиянын борбордук аймагындагы Мадхия Прадеш штатында айыл жеринде велосипед тээп бараткан чет элдик түгөйгө сегиз эркек кол салып, күйөөсүнүн көзүнчө 39 жаштагы аялын зордукташкан. Зордукталган аял учурда ооруканада дарыланууда.
Индияда аялдардын зордукталышы өтө кеңири тараган көрүнүш. Өткөн декабрда Нью-Делиде 23 жаштагы студент кыз сүрмө топтун зордуктоосунан көз жумуп, буга каршы өлкөдө ири массалык демонстрациялар өткөн эле.