Кипрдин президенти Никос Анастасиадес калк арасында нааразылыктарды туудурган банктагы аманаттарга салык киргизүүнү өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн айла жоктон кабыл алынган чечим деп атады. Анастасиадес бул тууралуу жекшембиде калкка сыналгы аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди.
- Мен учурдагы абалга жараша өлкө үчүн жеңилирээк вариантты тандап алдым. Мунун саясий баасы канчалык болоорун мен түшүнүп турам.
Эл аралык валюта кору жана Евробиримдик менен түзүлгөн келишим бүгүн парламентте каралат. Анда аталган эл аралык уюмдар кризиске кептелген Кипрге 10 миллиард евро жардам көрсөтүү үчүн банктагы сакталып турган аманаттарга салык киргизүү шартын койгон. Бул келишим кипрликтердин нааразылыгын жараткан эле.