Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Дзю-до федерациясынын жаңы жетекчилери шайланды

Дзю-до федерациясынын башкы катчысы болуп Бишкек шаардык федерациянын мурдагы президенти, шаардык кеңештин экс-депутаты Эмил Рыскулов дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациядан кабарлашты.

Олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчисинин орун басары, Федерациянын биринчи вице-президенти Талант Беккулов ордунда калса, калыстар тобунун директору болуп эл аралык калыс Марс Акеров дайындалды. Мындан сырткары дагы 3 вице-президент шайланды. Алар: “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун башкы директору Азат Базаркулов, СССР чемпионаттарынын жеңүүчүсү, СССР элдеринин Спартакиадасынын чемпиону, эл аралык спорт чебери Абдужалил Юнусов жана Жолдош Көлбаев. (КЕ/КМа)
XS
SM
MD
LG