Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

Ысык-Көл облусунда 36 кылмыштын бети ачылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери облустун аймагында 11-18-мартта "Издөө", "Мар уурулугу", "Тартип коргоо" аттуу рейддерди өткөрүшүп, 36 кылмыштын бетин ачкан.

Рейд учурунда бир адам өлтүрүү, 6 уурулук, 5 мал уурдоо фактысынын бети ачылган. Издөөдө жүргөн 18 жаран жана мал уурдаган уюшкан топ, мас абалында машине айдап жүргөндөр кармалды.

Сталбек Усубакунов мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 9 кило маңзат алынганын кошумчалады. (МК)
XS
SM
MD
LG