Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Бишкекте жаштар “Бизди укса дейбиз” аттуу акция өткөрдү


Бүгүн 50дөн ашуун жаш активист “Бизди укса дейбиз” деген ураандын алдында флеш-моб өткөрдү. Алар бүгүн эртең менен шаардагы Манас көчөсүндө, президент Алмазбек Атамбаевдин кортежинин алдына ар кандай плакаттарды көтөрүп чыгышты. Уюштуруучулардын маалымат жыйында билдиргенине караганда, жаштар Ички иштер министрлигиндеги, саламаттыкты сактоо тармагындагы, Бишкек шаарындагы көйгөйлүү маселелерди президентке жеткирүү максатын көздөшкөн. Каныбек Таалайбек уулунун айтымында, тартип коргоо органдары жолду тосуп атасыңар деген жүйө менен акцияны үзгүлтүккө учуратышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG