Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

"Азаттыкты" эч ким менчиктей албайт


1953-жылдын 18-мартында “Азаттыктын” алгачкы берүүсү обого чыккан. Аны кыргыздын таланттуу уулу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) Германиянын Мюнхен шаарында кыргызча кабарлар менен ачкан.

1990-жылдардын башында Кыргызстанда “Азаттыктын” өз кабарчылары иштей баштаган. Алардын бири - окумуштуу тарыхчы, “Азаттыктын” 2003-2010-жылдардагы директору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин радионун эгемен Кыргызстанда демократияны, сөз эркиндигин түптөөдөгү ролуна токтолду:

- Эң башкысы демократиялык, атуулдук коомду калыптандырууда бардык инсан маалыматты эркин алып, анан өз алдынча ылгап, чечим чыгарууга мүмкүндүк алышы керек. Дал ушул жаатта Cовет доорунда партиялык жетекчиликтин цензуралык үстөмдүгү кезинде “Азаттык” абдан бараандуу салым кошту. Ал эми пост-советтик доордо башка Борбор Азиянын өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда маалымат кыйла эркин болсо дагы анын чектелген учурлары биздин эсибизде. Кош ыңкылапка чейин, андан кийин дагы “Азаттык” демократиялык жараянга өз салымын кошууда. “Азаттыктын” угармандары азыр дагы бөксөргөн жок. Себеби Кыргызстанда канчалык эркин маалымат каражаттары өнүгүп жатса, ошончолук тандоо мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңири болууда. “Азаттык” Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү окуяларды калыс чагылдырууда өзүнүн ролун аткарып келатат.

- Кыргызстан 2005- жана 2010-жылдардагы тарыхый окуяларды башынан өткөрдү. Ага байланыштуу “Азаттык" оппозициянын рупору" болгон деп дагы сындап коюшат. Ушул пикирге кандай жооп бересиз?

- Ошол эле учурда оппозиция өкүлдөрү тескерисинче, “Азаттык” бийлик мыкчыгерлерин гана эфирге чакырып жатат, “Азаттык” жалаң гана оппозициянын үнүн угузуусу керек деп, бир тараптуу түшүнүп, нааразы пикирлерин билдиргендер дагы көп болгон. Атүгүл андай каттарды дагы жазышканын билем. Иш жүзүндө “Азаттык” ар түрдүү тараптарга өз үнүн билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген бир арга. Азыркы кезде жана мурда дагы оппозиция менен бийликтин пикирин бирдей камтуу аракеттери - бул “Азаттыктын” журналистинин негизги максат-мүдөөсү. Себеби бул үналгынын материалдарын угуп туруп, карапайым калайык өздөрү жыйынтык чыгаруусу керек. Ошон үчүн бийлик да, оппозиция да “Азаттыкты” эч качан өзүнө менчиктей албайт.

- “Азаттыктын” мындан аркы миссиясы кандай болсо дейсиз?

- Акыры “Азаттык” жоюлат го деп мен бир нече ирет айткан элем. Аны уккандар: “Өзүңүз ошол үналгыда иштеп туруп, кантип ушинтип айтасыз?” - деп таң калышчу. Балтика боюнда, Чехия, Мажарстан, Словакия сыяктуу пост-социалисттик аймактарда “Азаттыктын” ошол жергиликтүү тилдердеги кызматтары жоюлган. Себеби ал өлкөлөрдө ар тараптуу, тең салмакта, калыс маалымат тараткан жергиликтүү медиа каражаттары жакшы өнүккөн. Ошондой учур келсе, Кыргызстан да Борбор Азиянын ичинен “Азаттык” жабыла турган биринчи жумурият болот деп үмүттөнөм. Бул “Азаттык” өз максатына жетти дегенди гана түшүндүрөт. Демек анда Кыргызстандын өзүндөгү маалымат каражаттары өлкөдөгү, аймактагы, дүйнөдөгү бардык жаңылыктарды калыс таратууга жетишип калган учур бизде калыптанды деген мезгил келет. Ошондой болсо да эл аралык үналгыларда кыргыз үнү чыгып турганынын өзүнө дагы, албетте, ыраазымын. Бул жалгыз гана “Азаттык” эмес, Би-Би-Синин кыргыз кызматы, Түркиядагы ТРТнын кыргызча программасы, Кытайдагы кыргызча берүүлөр бар. Башка өлкөлөрдө дагы кыргызча берүүлөрдү жандандыралы деген жакшы жышааналар бар. Бул элдердин ортосундагы маданий көпүрө катары сакталып калса, ал дагы дурус болмок.

“Азаттык” жалаң гана саясий берүүлөр менен чектелбей, ал маданий цивилизациялар ортосундагы көпүрө катары өз милдетин мындан ары дагы аткара берсе, “жаңы өмүр” сүрүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG