Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Тажикстанда өзбек азчылыгынын лидери жоголду


Тажикстандагы өзбектердин лидерлеринин бири - Салим Шамсиддинов 16-марттан бери дарексиз жок. Бул жөнүндө Хатлон облустук милициясынын өкүлү “Азаттыкка” билдирди. 58 жаштагы Шамсиддиновду былтыр майда белгисиз бирөөлөр сабап кеткен. Ал андан бир күн илгери жергиликтүү маалымат булактарына берген интервьюда кээ бир расмий адамдарды тажик өкмөтүн “улутчул” саясат жүргүзүүгө түртүүдө деп сындаган жана хатлондук өзбектер эне тилинде билим ала албай жатканын айткан. Өзбектер Тажикстандын 8 миллион калкынын 15 проценттен бир аз көбүн түзөт.

XS
SM
MD
LG