Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Пешаварда сот комлексине жасалган чабуулда 4 киши өлдү


Бүгүн Пакистандын Пешавар шаарындагы соттор жайгашкан комплекске согушчандар кол салды. Чабуулда кеминде 4 киши өлүп, 25тен көп адам жардар болгонун Пешавар шаардык полициясынын зардалы Имтияз Алтаф билдирди:

"Эки террорчу негизги дарбазаны күзөткөн үч полициячыны атып өлтүргөндөн кийин соттор жайгашкан имаратка кирип барышты. Башкы имаратка кирген эки террорчу тең өлдү. Бирөө белине байланган бомбаны жардырып жиберди. Экинчисин полиция атып өлтүрдү. Сот имаратынын ичинде барымтага алынган адамдар жана террорчулар жок".

Кол салуу чын бешимде соттор жана адвокаттар арызданып келген миңдеген жарандардын ишин териштирип жаткан кезде болду. Пешавар үч тарабынан тең уруулардын башкаруусундагы аймактар менен чектелип, талиптер менен экстремисттик топтор тарабынан тез-тез чабуулга алынып турат.

XS
SM
MD
LG