Камактагы “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапкерлери 24-мартта Жалал-Абад шаарында “Эл үнү” оппозициялык кыймылы өткөргөн жаткан курултайга катышат. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы Медер Үсөнов кабарлады. Анын айтымында, депутаттардын тарапкерлери оппозиция менен бийлик өкүлдөрү чакырылган курултайда камактагы депутаттарды бошотуу жана Кумтөрдү улутташтыруу боюнча талаптарын коюшат.
Буга чейин “Эл үнү” оппозициялык кыймылы 24-мартта курултай өткөрө турганы жарыялаган. Аталган кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдиргендей, курултайда 2005-жылдын 24-марттындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоолордун сабактары тууралуу сөз болот. (BkA)