Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Өкмөт башчы Кыргызстанда инвестициялык климат начарлаганын айтты


Мындай пикирин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында белгиледи. Сатыбалдиев соңку учурда өкмөткө көп сын айтылып жатканын, чындыгында эле бизнес жаатында өнүгүү байкалбай турганын кошумчалап, чет элден инвестиция тартуу абдан оор болуп калганын кошумчалады.

Өткөн жылы Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 520 млн. доллардан ашуун болгон. Анын олуттуу бөлүгү Кытай жана Канададан келген. Эки өлкө тең 115 млн. доллардан ашуун инвестициялаган. Бул өлкөлөрдөн сырткары Британиядан 70 млн. долларга жакын, ал эми Түркиядан 20 млн. доллардан ашуун инвестиция салынган.

КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанга Казакстан 31 млн. доллар, Орусия 25 млн. доллардан ашуун инвестиция салган. Жалпысынан 2012-жылы Кыргызстанга келген түз инвестиция 2011-жылга салыштырмалуу 61% гана түзгөн. (JAk)

XS
SM
MD
LG