Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Ошто ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны эки эсе өстү


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин орун басары Сабыржан Ташболотов билдирди. "Алдын алуу чараларын жүргүзгөнүбүзгө карабастан, көрсөткүч жыл сайын өсүп жатат. Негизги жугуу булагы - баңгизатын ийне сайуу аркылуу колдонуу. Бул 60% түзүүдө", - дейт С. Ташболотов.

Ош облусу боюнча 2011-жылы ВИЧ илдетин жуктуруп алган 100 учур катталса, 2012-жылы бул сан 199га жеткен. Шаар боюнча 2011-жылы ВИЧ илдети менен 60 адам катталса, өткөн жылы алардын саны 66га жеткен.

Кыргызстан боюнча 2013-жылдын 1-мартына карата ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын саны 4480, анын ичинен Ош облусунда 918, Ош шаарында 828. Чүй облусу Кыргызстанда ВИЧ илдети эң көп катталган аймак болуп эсептелет, бул жерде 1320 адам ВИЧти жуктуруп алган. (ErN).

XS
SM
MD
LG