Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Кыргыз дизайнерлери “Орусиянын модасы”, “Экзерсис” сынактарына катышат


Кыргызстандык дизайнерлер Москва шаарында өтчү бул сынактарга катышаарын Fashion Industry долбоорунун координатору Дамира Айтикеева бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Буга чейин Бишкекте “Жасалгалар жана куралдардын мода индустриясы-2013” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында жаш дизайнерлердин чыгармачылык сынагы өтүп, анда “Профессионал дизайнер” категориясында “Жаз” аттуу коллекциясы менен Жумагүл Сариева жеңүүчү болгон эле. Эми Сариева Кыргызстандын намысын Москвадагы “Орусия модасы” сынагында коргогону турат.

Ал эми Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Айганат Абдырасулова “Жаш дизайнер категориясында “Шотландия тууралуу түштөр” коллекциясы үчүн баш байгени утуп алган. Айганат ушул жылдын күзүндө “Экзерсис” сынагына катышмай болду.

XS
SM
MD
LG