Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилик менен 4 жаран кармалды


Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Чаласарт айылында мамлекеттик чек араны бузуп, аткезчилик жол менен өткөрмө пунктунан арчанын көчөттөрүн ташып бараткан жеринен Кыргызстандын эки, Өзбекстандын бир жараны кармалган. Колго түшкөн товардын баасы 104 миң сом деп бааланууда. Ушул эле күнү Баткен облусунун Айдаркен районунда кездеменин түрмөктөрүн машине менен чек ара постунан сырткаркы жерден алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Аткезчилик жол менен өтүп бараткан жүктүн баасы 100 миң сом деп бааланды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин аларды Чек ара кызматы Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүп берди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG