Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

“Республика” президентке Бишкек мэринин мыйзам бузууларын санап берет


Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясы президент жана премьер-министрге мэр Иса Өмүркуловдун мыйзам бузууларын тизмектеген кат жиберет. Бул тууралуу бүгүн “Республика” фракциясынын депутаты Эрнис Докенов журналисттерге маалымдады. “Катта Бишкектин бардык карыздары жана казына комиссиясынын аткарган иштеринин жыйынтыгынын негизинде казынаны оптималдаштыруу боюнча өзүбүздүн көз карашыбыз көрсөтүлөт, ошону менен бирге Бишкек мэринин көп сандагы мыйзам бузууларын ачыктайбыз”, – дейт депутат.

Шаардык кеңеш буга чейин кезексиз жыйынга чогулуп, “Республика” фракциясынын мэрге ишеним көрсөтпөө сунушун караган. Анда депутаттар мэрге 3 ай мөөнөт берүүнү, ал эми вице-мэр Вячеслав Красиенкону, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, атаандаштык саясаты, капиталдык курулуш башкармалыктарынын жетекчилерин кызматынан бошотууга 3 күн убакыт беришкен. Иса Өмүркулов оппозициялык фракциянын сындары негизсиз экенин айтып келет. (JAk)

XS
SM
MD
LG